У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бекназарова Бегайым, “Марал” фирмасынын негиздөөчүсү: “Биринчи жолу тигүүчү машинкага 10-классымда отургам...”



Кыргыздын улуттук кийимдерин сахнадан гана көрүп калган бир доорду баштан өткөрдүк. Кудай жалгап элибиздин нукура салт-санаасын, улуттук кийимдерин турмушубузга аралаштырган жаш ишкерлер, тигүүчүлөр, чыгармачыл инсандар өсүп жетилип, минтип күнүмдүк турмушта улуттук кийимдерибиз кийилип калды. Элибиздин көөнөрбөс кийимдерин өз мекенинде гана жайылтпастан океандын ары жагына чейин алып барып таанытып жүргөн этно кийимдерди жаратуучулардын бири Бегайым Бекназарова. Ал “Марал” фирмасын негиздеп, кыргыз жыттанган чапан, кийим-кечелерди тигип келе жатканына бир топ убакыт болду. Аракетчил айым менен баарлаштык. 
 


"Тигүүчүлүк кесипти ушинтип эле ата-энемди көрүп жүрүп, аркалап калдым"
  • Чапан тигүү идеясы 2015-жылдын аягында келди. Апам, чоң энем уз адамдар. Чоң энем илгертеден эле айылдын баарына кыргыз чапандарын тигип берип жүргөн колунан  көөрү төгүлгөн уз айым эле. Мен ошол чоң энемдин колунда өскөн кызмын. Бой тартканы өз апамдын колуна келдим. Апамдын жеке тигүү цехи бар. Цехтин иштеринен сырткары буйрутмаларды алып чапандарды тигип берип жүрчү. 2008-2009-жылдары эле апама көп киши жылуу кылып чапан тиктирип кетишчү. Мага да апам чапан белек кылган. Ал кезде университетте иштечүмүн. Кесиптештерим сонун чапан экен, бизге дагы тигип берчи деп суранып жатышып, ошондон улам чапан тигүү менен алектенип баштагам. Тигүүчүлүк кесипти ушинтип эле ата-энемди көрүп жүрүп аркалап калдым. Биринчи жолу тигүүчү машинкага 10-классымда отурганым эсимде. 
 

"Чапандын жаңы доорун, жаңы эпохасын кыргыздарга түзүп берген белгилүү дизайнер Жумабүбү Сариева эже"
  • Чапандын жаңы доорун, жаңы эпохасын кыргыздарга түзүп берген белгилүү дизайнер Жумабүбү Сариева эже да. Ушул эже бизге чапанды кайрадан жаратып берди, кайрадан мода кылып берди. Эже жалгыз өзү Кыргызстанды камсыз кылганга жетише албай калды. Анткени чапанды өлкөбүзгө гана жайылтпастан дүйнөлүк бренд кылып  башка өлкөлөргө сатып баштады. Сапаттуу тигилгенге жараша   эженин чапандары кымбат баада сатылгандыктан карапайым элдин чөнтөгүнө бир ааз оорураак боло баштаган учурда   биз “Марал” фирмасы, бизден башка бир-эки тигүүчүлөр чапандарды тигип баштаганбыз. 


  • Суроо-талап көбөйгөн сайын чапан тигүүчүлөр да көбөйүп, азып өлкөбүздөгү цехтердин ар бир үчүнчүсү чапан тигип калды. Бирок алгачкылардан болуп, Жумабүбү эжеден кийин эле биз баштаганбыз. Мен учурдан пайдаланып эжеге терең ыраазычылык билдиргим келет. Кыргыздын көөнөрбөй турган улуттук кийимин кайрадан жандандырып бергенине миң алкыш. Элге жайылтууга биз да көмөкчү болдук. Анткени көбүрөөк санда тигип, карапайым элдин чөнтөгүнө ылайыктап тигип баштадык.
 

"Жууп, кайра кие бергидей чапандарга суроо-талап чоң"
  • Биринчиден ыңгайлуу, кыймылдаганга ылайыктуу, денеге жагымдуу, жууп кайра кие бергидей чапандарга болгон суроо-талап жогору. Биз дагы элдин талабындай тигебиз. Элдин көзүндө жүргөн адамдар өзгөчө кылып тигүүбүздү суранышат. Андай учурда алардын да каалоосун орундатабыз.
 
"Чет өлкөлөрдөгү кардарлар атайын келип алып кетишет"
  • Россия, Казакстан мамлекеттерине дүң соода кылабыз. Атайын алып кетип турушат. Ал эми Европага, Америкага көп санда эмес, аз-аздан сатып жатабыз. Кыргызстандагы Америка элчилигинин каржылоосу менен жаш ишкерлерди колдоо максатында уюштурулган “Ишкер айымдар” деген долбоор  аркылуу Америкага барып атайын окуп келдик. Америкага барганда Вашингтон шаарынын чок ортосунда жайгашкан дүйнө элдеринин улуттук кийимин саткан дүкөн менен келишим түзүп, чапандарымды кетирип туруу тууралуу сүйлөшүп келдим. Буюрса чапандарымды океандын ары жагына кетирип турам. 

Маек курган Нуркыз Рыскул кызы


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter