Ош шаарында турак үйдүн дубалы урап, бир киши каза болду
- 05.04.2022, 14:22,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарында турак үйдүн дубалы урап, бир киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Белгиленгендей, нөөмөт бөлүмүнө Касымов көчөсүндө жайгашкан турак жайдын ээси эшигин ачпай, байланышпай жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылган. Куткаруучулар турак үйдүн эшигин ачкан кезде, үйдүн ички дубалы урап түшүп 75 жаштагы Б.А. аттуу эркек кишини басып калгандыгы аныкталган.
Куткаруучулар сөөктү урандылардын астынан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.