Сузакта шахта урап эк киши каза болду
- 16.06.2021, 12:02,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эки шахта урап эки адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Маркай айылындагы Өрүктү участкасында жайгашкан шахтада болгон. Шахтанын урашынан улам эки киши урандылардын астында калган.
ӨКМдин куткаруучусу каза болгон эки адамдын сөөгүн урандылардын астынан алып чыккан. Алар 46 жана 48 жаштагы жарандар болгон. Каза болгондордун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.