У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө атасы баласына бычак сайып, ал ооруканага жетпей каза болду


Ысык-Көлдө 63 жаштагы ата өз баласын бычак сайып, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«23-март күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнө аймактык ооруканадан Тасма айылынын 27 жаштагы А.М аттуу тургуну бычактан алган жаракаты менен жеткирилип, ал жолдон каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу күбөлөрдү суракка алгандан кийин, ошол күнү үй-бүлөлүк жаңжал учурунда Тасма айылынын 63 жаштагы тургуну уулуна бычак сайган, уулу ооруканага жетпей жолдо каза болгон», - деп айтылат билдирүүдө. 


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Өзгөчө оор кылмышка шектелген жаран Түп районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалды. 

Учурда тергөө иштери уланууда.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter