У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мектеп окуучусуна бычак сайып качып кеткен жаран кармалды


 Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмү 4-майда 17 жаштагы мектеп окуучусуна бычак сайып качып кеткен 44 жаштагы Чүй облусунун тургунун кармашты. Бул тууралуу аймактык ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. 
 
Белгиленгендей, шектүү тергөө иштеринен жашырынууга аракет кылган.
 
«4-май күнү саат 19.00дө аймактык ооруканадан Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө бычактан алган жаракаты менен өспүрүм ооруканага түкөнү тууралуу билдирүү келип түшкөн. Иштин жүрүшүндө белгилүү болгондой, жабырлануучуга мас абалындагы бейтааныш адам бычак сайып, качып кеткени тастыкталды», - деп билдиришти Чүй ОИИБ.
 
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда пикир келишпестик жаралган. 
 
Ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүүнүн өздүгүн тактоого жетишип, аны доусунун үйүндө жашынып жаткан жеринен кармашкан. Кармалган адам Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Сотко чейинки процесстер уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter