У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевдин аял менен мушташкан видеосу тарады


Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев аял менен мушташа кетти. Мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
 
Каныбек Сагынбаев менен аялдын мушташуу фактысы КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси "Бейбаштык" менен ЖКБРине катталганын Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 15-январда милицияга борбор калаанын тургуну кайрылган. Анын айтымында, ошол күнү эртең мененки саат сегиздер чамасында Юнусалиева көчөсүндөгү кафелердин биринде кафедегилердин ортосунда кайым айтышуу болуп, ал мушташка айланган. Ал өз арызында белгисиз жаранга чара көрүүнү суранган. 
 
Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү К.С. (ред. Каныбек Сагынбаев) экенин аныкташкан. Ал чакырууга келүү убадасы менен бошотулган.
 
Белгиленген соттук-медициналык экспертиза жабырлануучунун денесинен алган жаракаттары денеге жеӊил зын келтирүү деп баалаган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
 
Буга чейин бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев Бишкектеги кафелердин биринин жанында аял менен мушташып кеткени маалымдалган.
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter