У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мен өлгөндөн кийин гана арызымды карашат окшойт. Ошто үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келин милицияга арыз жазды


Күйөөсү тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, сабалган аял Ош шаардык милициясына кайрылган.  Бул туурадуу Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
 
Маалыматка ылайык, 4-январь күнү милицияга Салиева көчөсүнүн С.А аттуу тургуну кайрылган.
 
«Ал өз арызында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынганын жазып, ага мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 280-берене («Бейбаштык») менен катталып, тергөө иштери башталды. Жабырлануучунун күйөөсү 4-январдан бери дайынсыз. Аны издөө иштери жүрүп жатат», - деди З.Сыдыков.
 
Жабырлануучу С.А. - үч баланын энеси. 37 жаштагы аялдын окуясы боюнча, ал күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынганы боюнча милицияга бир нече жолу арыз жазган, бирок милиция арыздарды караган эмес.
 
«Бул биринчи жазган арызым эмес. Буга чейин да көп жолу жазгам, бирок арыз каралбай калган. Балким, мен өлгөндөн кийин гана бул ишти колго алышар. Соттук-медициналык экспертизадан өтүшүм керек дешти, бирок сабагандан кийин ооруп, он күн үйдө балдар менен ачка жаттым, эми гана өзүмө келдим. Менин абалымды сурап, күйөөмдү издеп милиция кызматкерлеринен эч ким келген жок», - дейт ал.
 
Арыз ээси кошумчалагандай, 4-январда күйөөсү аны жарым сааттай чачынан сүйрөп сабаган. 
 
«Ошол күнү да күйөөм жарым сааттай чачымдан жулуп сабады. «Карызга арак алып кел»,- деп сабады.  Курдун темири менен башыма бир нече жолу чаап жиберген эсимди жоготуп койдум. Ага чейин дагы уруп, бетим, көзүм көгөрүп жүргөн. Андан кийин кошуналар милиция чакырышкан. Эки тергөөчү келип менин көрсөтмөмдү алып кетишти. Соттук-медициналык экспертизадан өтүшүм керек дешти, бирок ден соолугума байланыштуу бара алган жокмун. Эми азыр кайын эжем балдар менен үйдү бошотуп чыгып кеткиле деп жатат. Ушул суукта балдар менен каяка барам, бара турган жерибиз жок», - деп билдирген жабырлануучу. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter