У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Карантин убагындагы коммуналдык кызматтар бекер эмес, чогултуп төлөйсүз!



Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, ишсиз олтурган элдин камын көрүү максатында  коммуналдык кызматтарды үч айга чейин төлөбөй турууга уруксат берилди. Бирок 3 айдын ичинде чогулган акыны жарандар карантинден кийин чогултуп төлөшөт, бекер эмес! Бул туурасында биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт коммуналдык төлөмдөр өз убагында аткарылбай калса, өчүрбөй турууну сунуштаган болчу. Жакшы жери, бир дагы коммуналдык кызмат карантин убагында төлөнүүчү убактысынан ашып кетсе өчүрүлбөй турган болду. 

"Жалпы элге үч айга чейин коммуналдык кызматтардын баарын өчүрбөө жагы каралды. Эч кандай туумдар кошулбайт. Төлөй албай калышса, бир да кызматкер барып өчүрүп кетпейт", — деди Боронов.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter