Коронавирус жуктуруп алган дарыгерлер кайтыш болуп калса, үй-бүлөсүнө 1 млн сом берилет
- 09.04.2020, 11:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+

Вирустун очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөнөт. ЖЖаман айтпай жакшы жок, эгер жугуштуу вирустун запкысынан кайтыш болуп кетсе алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом акчалай компенсация берүү жагы чечилди.
⠀
“Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат”, – деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлер жөнүндө туура эмес маалыматтар берилип жаткандыгына байланыштуу болгон.
⠀
“
Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат”, – деп ишендирди Кубатбек Боронов.