Бишкекте Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери да жаман вирус жуктуруп алышты
- 09.04.2020, 11:20,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Тилекке каршы апаат вирус Бишкектеги Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлерин да буттан чалды. Тагыраагы, аталган борбордун 4 кызматкери жаман вирус жуктуруп алганы маалым болду. Бул тууралуу 9-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, мекеменин алты кызматкери обсервацияда жатат. Калган контактта болгондордун баарынын анализи текшерилип, оору тастыкталбагандыктан алар ишин улантууда.