Кыргызстанда дагы 2 жаран аты жаман вирустан айыгышты
- 02.04.2020, 09:14,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда дагы 2 бейтап COVID-19 инфекциясынан айыкты. Жугуштуу дарттан арылгандар Жалал-Абаддагы Ала-Бука районунун тургундары экенин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.
Анын айтымында, оорудан айыккан 2 бейтаптын бири аял, бири эркек киши. Кичи ажылык сапарына барып келишкен. Ушуну менен Кыргызстанда 5 адам жаман вирусту жеңип чыгышты.