У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жанар Акаев: «Дарыгерлер өкмөт убада кылган акчаны алыша элек»


Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев параламентте коронавирус жуктурган адамдарды дарылап жаткан дарыгерлер өкмөт убада кылган 40 миң сом айланасындагы акчасын ала албай жатканын айтып чыкты. 

Бул туурасында: “Мага кайрылып жатышат, бүгүнкү күнгө чейин алыша элек экен. “Күн сайын банк карточкабызды карайбыз, жок” деп айтышты. Сиздер берилди деген маалымат берип жатасыздар”, - деп билдирди. 

Саламаттыкты сактоо министри медицина кызматкерлерине кошумча төлөм катары берилүүчү 6 600 миң сом которулуп берилгенин, 15-апрелге карата таратылып бүтөрүн билдирди. 

Ошондой эле, министр тизмелер такталып жатканын, айрым тизмеге медицинага тиешеси жок техникалык кызматкерлерди да киргизип коюп жаткандыктан, март айындагы сыйакы берүү бир аз кечиктирилип жатканын кошумчалады. 

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине март айынан тарта 38 миң сомдон 48 миң сомго чейин кошумча айлык акы төлөнүп берилерин өкмөт билдирген.

Мындан тышкары иш учурунда коронавирус жугузуп алган медициналык кызматкерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация, ал эми оорудан көз жумган кызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн. сом кенемте төлөнөт. Тиешелүү токтомду өкмөт кабыл алган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter