У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алайда дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылды


Алай районунда дайынсыз жоголгон аялдын сөөгү табылганын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
 
Мекеменин маалыматы боюнча, 2022-жылдын 12-январында Гүлчө айылынын 71 жаштагы тургуну У.Б. үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
 
Жергиликтүү тургундардын өз алдынча издөө иштеринин натыйжасында Гүлчө дарыясынын жээгинен аялдын кийимдери табылган. Издөө иштерин улантуу үчүн бүгүн саат 10:00дө окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылган.
 
Саат 11:10до аялдын жансыз денеси табылган. Издөө иштерине Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери жана 3 тууганы да тартылган.
 
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Алай районунун ички иштер башкармалыгы дайынсыз болуп жаткан Гүлчө айылынын 1951-жылы туулган тургуну Бактыгүл Үсөнованы издөөгө жардам сурап жатканын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter