15-июнь күнү Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында 38 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Анын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 38 жаштагы келин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. 16-июнь күнү ИИМдин кызматкерлери издөө иштерине көмөк көрсөтүү үчүн ӨКМга жардам сурап кайрылышкан. Аны табуу аракеттерине 5 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан маркумдун жансыз денеси табылды.