Базар-Коргондо дайынсыз болуп жоголуп жаткан жарандын жансыз денеси каналдан табылды
- 29.05.2021, 10:28,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголуп жаткан 1963-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кеңеш айыл аймагынын Кызыл-Октябрь айылынын тургуну 1963-жылы туулган эркек киши үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.
Кечээ, 28-май күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Базар-Коргон райондук №78 ӨКБдан 10 куткаруучу, ИИМден 9 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 42 адам тартылып, саат 12:10до туугандары тарабынан жансыз денеси Могол-Коргон каналынан табылды.