У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланын сөөгү кар көчкү алдынан табылды


Ош облусунун Алай районунун Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында кар көчкү алдында калган 14 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Баланын сөөгү бүгүн, 10-апрелде эртең мененки саат 09:20да кар көчкү алдынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. 

6-апрелде аталган айылдын жергиликтүү 80дей тургуну ӨКМнын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүзүп жатышканын айылдыктар маалымат булактарына кабарлашкан. 

7-апрель күнү издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай районунун бөлүм башчысы, ИИМдин 2 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 60 адам, ӨКМнын ӨКЧК түштүк борборунан 1 экскаватор тартылып, саат 17:55те издөө иштери убактылуу токтотулган, натыйжа болгон эмес.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter