У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Британияда катталган коронавирустун күчтүү түрү дагы 3 мамлекетте катталды


Бир вирустан арыла электе андан 70 эсе күчтүү коронавирустун жаңы түрү Улуу Британияда катталганын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кабарлаган. Аталган вирус эми Нидерландда, Данияда жана Австралияда да катталды. 

Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) таянуу менен чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги COVID-19га байланыштуу Улуу Британиянын бийлиги менен тыгыз байланышта экенин билдирип, анын мүнөздөмөлөрү жөнүндө коомчулукка маалымдаарын убада кылган.

Учурда бир катар өлкөлөр анын ичинде ЕС мамлекеттеринин көпчүлүгү Улуу Британия менен транспорттук байланыш токтогонун билдиришти.
Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылган.

 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter