У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Таксист болуп иштеген жаран алты адамга вирус жуктурган

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 7-апрелде Өкмөт үйүндөгү онлайн брифинг учурунда Бишкек шаарында таксист болуп иштеген жаран вирус жуктуруп алганын билбей, үй-бүлөсүндөгү 6 адамга да вирус жуктурганын билдирди. 
 
«Коронавирус аялына, кызына, күйөө баласына, небересине жана эки уулуна жуккан. Дагы башка бир адам үйүндөгү төрт адамга вирус жуктурган учур катталды. Мындай учурлар өлкөдө көп эле. Биз карантиндин шарттарын сактоо менен вирустун жайылуусунун алдын ала алабыз»- деди мэр. 
 
Бишкекте 25 адам илдетке чалдыккандыгы аныкталса, 66 адам  бейтап менен жакын байланышта болгон. 204 адам экинчи категориядагы (тааныштар, кесиптештер) экени айтылууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter