У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Караколдо вирус жуктурган жаран жашаган үйдүн подъездинин каалгасын сваркалап жатышат деген маалымат тарады


Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы Кирпич заводу жайгашкан райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн каалгаларын сваркалап жатат деген видео тарады. Божомолдор боюнча аталган райондогу көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган адамдан коронавирус аныкталган. Ал жаран жакында давааттан келген жана обсервацияга жаткырылган эмес. Жашоочулардын айтымында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү районго блокпостторду коюшкан.

Мындан сырткар белгисиз  2 киши келип, подъезддердин каалгаларын ширетип киришкен. "Бизге эч нерсе түшундүрүшкөн жок. 4 подъезддин каалгасын ширетип салышты. Кошуналарыбыздын бирөөсү давааттан келген. Дароо обсервацияга жаткырылбагандыктан үйүнө келген экен. Биз көчөгө кантип чыгабыз деп сурасак эч ким жооп кайтарган жок. Районду толугу менен жаап салышты", - дейт жашоочулардын бири. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter