У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ысык-Көлдө көчөмө-көчө "үйдөн чыкпагыла" деп кыйкырып жүрүшөт


Ысык-Көлдүн райондорунун тургундарынын айтымында учурда элдин саламаттыгы үчүн жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү көчөмө-көчө кыдырып, "үйдөн чыкпагыла" деп кыйкырып жүрүшөт. Ошондой эле көлдүктөр эми айылдан айылга кире алышпайт. Бул тууралуу  облустук штабдын 24-марттагы жыйынында өкмөттүн облустагы өкүлү Акылбек Осмоналиев айтты.

 "Жергиликтүү бийликтин суранычына карабай, айрым тургундар башка айылдарга баруусун, райондон районго каттоосун токтотпой жатат. Эми бүгүнкү күндөн тарта чектөө киргизилет. Бул чаралар элдин саламаттыгына кам көрүү болуп эсептелет",- деди өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү.

Мындан сырткары ар бир айылдын  чыга беришинде посттор уюштурулуп, жергиликтүү бийлик, милиция жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп турат. Айылдарга, районго кирүү же чыгуу жергиликтүү бийликтин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Жалпысынан 15 жерге блок-посттор коюлду.

COVID-19 вирустун запкысын тартып жаткандардын саны өлкөдө 40тан ашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter