У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Унаасына баӊгизат жана курал-жарак сактап жүргөн айдоочу кармалды


Бишкекте баңгизат сактоого шектүү жаран кармалганын 2-ноябрда милицияга билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, 31-октябрда эртең мененки саат жети жарымдар чамасында Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору жол эрежесин бузган «Hyundai Sonata2 үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 1998-жылы туулган А.А. башкарып жүргөн.
 
Милиция кызматкерлери текшерүү учурунда унаанын багажынан мылтык жана ширеңкенин кутусуна салынган 6 грамм баӊгизат табышкан.
 
Айдоочу РИИБге жеткирилип, бул факты КЖБРга Жазык кодексинин 268-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен катталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter