Баткенде 2 киллограммга жакын банги зат сактаган жаран колго түштү
- 30.09.2020, 16:11,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы атайын операциянын жүрүшүндө Баткен облусунун тургунунан 1 килограмм 938 грамм салмактагы нашаа табышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган факт КРдин Жазык кодексинин 268-беренесинде ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатсыз мыйзамсыз даярдоо") көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча каттоого алынды.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө.