4-апрель. 14 адамдан коронавирус табылды
- 04.04.2020, 10:32,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бүгүн, 4-апрелде республика боюнча коронавируска чалдыккан 14 жаңы учур катталды. Алардын ичинен бирөө Бишкек шаарында, бешөө Ош облусунда, экөө Ош шаарында, алтоо Жалал-Абад облусунда.
Жалпы өлкө боюнча жугуштуу илдеткен чалдыккандардын саны 144кө чыкты.
Алардын ичинен 3-апрелде Оштун Ноокат районунун коронавирус жуктурган бир тургуну кайтыш болгон. Алты адам сакайып чыкканы кабарланган.