Коронавирус менен ооруп жаткан 888 адамдын абалы оор
- 11.08.2021, 09:35,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 6 миң 486 адам коронавирустан дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
4 миң 31 бейтап амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда - 2 миң 455 адам дарыланууда. Анын ичинде 166 адам - өтө оор, 722 - оор абалда. 1 миң 556 бейтаптын абалы (же 63,3 пайызы) орточо оор, 22 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.