Бүгүнкү күндө коронвирус илдети менен ооруган 2616 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 110 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Стационарда дарыланууда – 2616 бейтап, алардын ичинен:
29 адам (1,1%) - канааттандыраарлык абалда;
1821 (69,6%) - орто оордукта;
656 (25%) - оор абалда;
110 (4,2%) - өтө оор абалда.
Амбулатордук дарыланууда – 3515 бейтап.