Коронавирус менен ооруп жаткан 418 адам оор абалда
- 29.04.2021, 13:01,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда 3434 адам коронавируска каршы дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Амбулатордук (үйдө) 1 миң 964 бейтап, ооруканаларда 1 миң 470 адам дарыланууда. Анын ичинен 72 адам өтө оор, 346 оор абалда экени айтылды. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 35 адам (же 70,4 пайыз) – орточо оор деп бааланууда, 17 адамдын гана абалы канааттандырарлык.