1-сентябрда мектептер толук ачылат
- 10.08.2021, 14:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Мектеп кызматкерлеринин көпчүлүгү эмдөөдөн өткөнүнө байланыштуу жаӊы окуу жылында мектептер толук ачылат. Бул тууралуу 10-августта “Азаттык” радиосуна Билим берүү жана илим министрлигинин адиси Гүлшан Абдылдаева билдирген.
“Эмдөөдөн дагы эле өтүп жатышат. Бүгүнкү күнгө карата мектептердин жана бала бакчалардын кызматкерлеринин 70% ашыгы вакцина алды”, -деди ал.
Ошондой эле Абдылдаева окуучулардан милдетүү мектеп формасы талап кылынбай турганын кошумчалады.