У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жаӊы окуу жылында мектептер ачылабы? Билим берүү министрлигинин жообу…


 Жаңы окуу жылында мектептердин ачылышына эки фактор таасир этет. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде билдирди.
 
«Мектептерди ачууга эки фактор таасир этет. Биринчиси билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү. Биздин маалымат боюнча,мугалимдердин 60 пайыздан ашыгы вакцинаны алышкан. Буга чейин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги болжол менен 70 пайызын эмдөө керектигин айткан. Биз бул ишти аткарабыз, бирок дарыгерлер эмдөөгө уруксат бербеген кызматкерлер эмдөөдөн өтпөйт. Ал эми экинчи фактор аймактардагы эпидемиологиялык абал. Мектептерди ачууну жергиликтүү штаб каблы алат», - деди ал.
 
Надира Жусупбекова мектептер ачыла турган болсо эки жума мурда ачыла турганын, министрлик окуучулардын мектептен билим алуусуна кызыкдар экенин кошумчалады. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter