Билим берүү министрлигинин адиси: "7-9-11-класстын кыздарын ала качкан учурлар катталган"
- 19.05.2021, 17:26,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ала качуу билим берүү жаатында да эң көйгөйлүү маселе. Кыргызстанда 7-9-11-класстын кыздарын ала качкан учурлар катталган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева тегерек столдо билдирди.
"Окуучу кыздарды ала качкан терс көрүнүштөрдөн кийин 2011-жылы анализ жасалып, мектепти бүткүчө баланын кол тийбестиги боюнча Балдар кодексине, кийин мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген. Ошондон кийин мындай жат көрүнүш азайгансып калды. Бирок пандемия шартында кыздар зордук-зомбулукка дагы эле кабылып жатат. Кыздарга кошунасы, өгөй атасы эмес, өз атасы, бир туугандары, чоң атасы кол салган учурлар катталууда. Мындан улам мектептеги стандарт болуп калган программага да өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Мисалы, "Адам жана коом" деген сабак мурда 10-класстан баштап кирсе, эми 5-класстан тарта өтүлө баштайт. Себеби бала өз укугун билип чоңоюшу керек. Ата-энелери балдарын туугандарына, тааныштарына таштап коюп чет өлкөгө иштөөгө кетип жатат. Мындай учурда балдардын укугу тебеленип, зомбулукка кабылууда. Биз балдарды сактап калышыбыз керек. Ошол себептен мындай тарбиялык сабактарды программаларга эрте эле киргизүүдөбүз", — деди Абдылдаева.