Ошто 10 жаштагы баланын сөөгү табылды
- 04.08.2021, 16:53,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош шаарында 10 жаштагы бала каналга түшүп кеткенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, Амир-Тимур кичи районунда 2011-жылы туулган бала Южный каналына түшүп кеткен.
Окуя болгон жерге Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу жана Кара-Суу райондук №102 отрядынан 4 куткаруучу келип, издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Саат 22:50 чамасында жергиликтүү тургундар баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.