У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Каналга түшүп кетти деп изделип жаткан 4 жаштагы бөбөк коңшу айылдан табылды

 
Каналга түшүп кетти деп элдин баары издеп жаткан 4 жаштагы бөбөк коңшу айылдан табылды. Окуя Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Учар айылындагы катталган.  
 
Бул тууралуу  Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.
 
22-сентябрь күнү саат 13:00дөр чамасында Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмүнө төрт жаштагы эркек бала дайынсыз жоголгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.
 Ошол эле күнү кечке маал саат 17:46лар чамасында ӨКМге да ушул маселе менен кайрылып чалышкан. Куткаруучулар баланы Кайырма каналына түшүп кетүүсү мүмкүн деп божомолдоп издей башташкан.
 
"Бөбөк үйдө ойноп жүрүп түшкө маал сыртка чыгып кетип, ошол бойдон дайынсыз жоголгон. Бала Жаңы-Учар айылынан чыгып, адашып кетип бир чакырым алыс жайгашкан Жапалак айылына кетип калган. Ал жактан жергиликтүү тургун көчөдө жалгыз жүргөн баланы байкап калып, милициянын аймактык тергөөчүсүнө кабарлаган", — деди Аширбаев.
 
Ал милиция кызматкерлери баланы кечке жуук таап, ата-энесине өткөрүп бергенин кошумчалады.


 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter