Кыргызстанда күнүнө дагы 1295 жаңы жугуштуу пневмония жана COVID-19 учурлары аныкталды, 10 адам көз жумду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында -788, Ош шаарында -51, Чүйдө -160, Ошто- 38, Таласта- 19, Нарында -26, Ысык-Көлдө- 46, Жалал-Абадда -64, Баткенде -103 учур катталган.
2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 138 миң 353 учуру катталды.
Кыргызстанда акыркы бир суткада дагы 10 адам коронавирустан көз жумган.
Бишкекте алты, Чүй облусунда эки, Ош жана Ош облусунда бир адам каза болгон.
2020-жылдын март айынан бери республикада 2 миң 93 адам вирустан каза болду.