Жалал-Абад облусунда дарыянын жээгинен 85 жаштагы кишинин сөөгү табылды
- 09.07.2021, 11:24,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунун Кара-Суу дарыясынан 85 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 8-июль күнү 1936-жылы туулган Кара-Көл шаарынын тургуну А.К. үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Анын туугандары А. К дарыяга түшүп кетиши мүмкүн деген шек менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылышты.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги камыштардын арасынан А.К.нын сөөгүн табышкан. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилдген.