Көкөмерен дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды
- 19.06.2021, 17:08,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Нарын облусунун Жумгал районундагы Көкөмерен дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 18-июнда Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө Өрнөк айылынын Көкөмерен дарыясынын жээгинде белгисиз кишини сөөгү жатканы туурасында билдирүү түшкөн.
Аталган жерге райондук №43 Өрт куткаруу бөлүмүнүн 5 куткаруучусу барган. Алар сөөктү (өздүгү такталууда) суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.