У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир ай мурда белгисиз адамдар уурап кеткен аялдын сөөгү табылды

Бир ай мурда Жалал-Абаддагы курулуш базарынан белгисиз адамдар тарабынан уурдалган аялдын сөөгү дарыянын жээгинен табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери маалымат каражаттарына маалымдашты. 
 
Маалыматка ылайык, ноябрь айынын башында Жалал-Абад ОИИБге уурдалган аялдын туугандары маркумдун дайынсыз жоголгону туурасында арыз менен кайрылышкан. Алар тууганын Жалал-Абад курулуш базарына кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын, анын уюлдук телефону өчүк экенин айтышкан.
 
Ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында маркумду белгисиз адамдар “Тойота” унаасына салып уурдап кетишкени аныкталган жана кечээ, 6-декабрда аялдын сөөгүн дарыянын жээгинен табышкан. Сөөктү иттер кемирип салышкандыктан, маркумдун ким экендиги дээрлик аныкталган эмес. Алдын ала маалыматтарга караганда, аялды муунтуп өлтүрүп, дарыяга ыргытып жиберишкен. 
 
Маркумдун жергиликтүү тургундарга үстөк пайыз менен акча берип иштегени айтылды. Учурда кылмышка шектүүлөр камакка алынды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter