Өзгөн районунда дарыянын жээгинен аялдын сөөгү табылды
- 25.12.2020, 11:48,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ош облусунун Өзгөн районунда дарыянын жээгинен аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-декабрда саат 16.05 чамасында Куршаб дарыясынын жээгинен болжол менен 25-30 жаштардагы аялдын сөөгү табылган. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.