Коронавирус менен ооруп жаткан 541 адамдын абалы оор
- 03.06.2021, 13:25,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда учурда коронавируска каршы 3509 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
1 миң 847 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканаларда - 1 миң 662 дарыланууда. Анын ичинде 93 адам өтө оор, 448 адам оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы - 1 миң 94 адам (же 65,8 пайыз) - орто оор деп бааланууда, 27 адамдын абалы канааттандырарлык.