Акыркы бир сутка ичинде 39 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды
- 30.06.2021, 10:37,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 39 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында- 22, Ош шаарында - 2, Баткен облусунда - 9, Нарында - 1, Ошто - 4, Таласта - 1 катталган.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 5 миң 408, алардын 4 миң 882 айыгып кетишти.