Бүгүн 42 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алды
- 22.06.2021, 12:05,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кыргызстанда бир күндө 42 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында- 11, Ош облусунда- 14, Баткенде -7, Чүй жана Жалал-Абад облустарында- 5 учур катталган.
Күндүз ооруканалардан алты медициналык кызматкер айыгып, тогузу үй изоляциясынан чыгышты.
COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 5 миң 156 болсо, алардын 4776сы айыгып кеткен.