Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, кайра жээкке чыга албай калган 17 жаранга жардам берилди
- 23.06.2021, 10:27,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Ысык-Көлдө катамаран менен алыска сүзүп, кайра жээкке чыга албай калган жарандарга жардам берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы 17 жаран куткарылды.
"Тамчы айылында 5 катамаранды шамал жээктен 3 чакырым алыстыкка учуруп, жээкке чыга албай калган. Катамаранда 17 жаран (аты-жөндөрү такталууда) болгон. Ошондой эле 1 кайык калып калгандыгы тууралуу маалымат нөөмөт бөлүмгө түшкөн.
Жерине 3 куткаруучу, 3 суучул кайык менен тартылып, 5 катамарандагы 17 жаранды жана калып калган кайыкка күйүүчү май куюп, көлдүн жээгине чыгарышкан. Куткарылган жарандардын абалдары канааттандырарлык", - деп айтылат билдирүүдө.