У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Үйлөнүү тою учурунда колукту сууга чөгүп каза болду

 
Бангладеште үйлөнүү тою учурунда жети адам, анын ичинде колуктусу жана эки бала каза болду. Бул тууралуу UNB агентствосунун билдирүүсүнө таянып чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. 
 
Каргашалуу окуя өлкөнүн түштүк-чыгыш тарабындагы Хатия аралынын жанында болгон. Той кортежи Мегхна дарыясынын жээгинде күйөө баланын үйүнө баратканда траулер суу алдындагы тоскоолдук менен сүзүшүп, чөгүп кеткен.
 
Жергиликтүү полиция өкүлүнүн айтымында, бир нече жүргүнчү жээкке чыга алышкан, дагы бир нече адам дайынсыз.
 
Полиция жергиликтүү тургундардын жана балыкчылардын колдоосу менен жети адамдын сөөгүн табышты. Бирок канча жүргүнчү жээкке сүзүп чыкканы белгисиз бойдон калууда. Издөө иштери уланууда. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter