Ата-энеси батирге жалгыз таштап кеткен эки жашар бала куткарылды
- 27.04.2021, 09:52,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери борбор калаадагы «Аламүдүн-1» кичи районундагы көп кабатуу үйлөрдүн биринде жалгыз калган эки жашар баланы куткарышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, микрорайондун тургуну түн ичинде куткаруучуларга кайрылган. Ал кийинки батирде баланын ыйлап жатканынын билдирген.
Чакырууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, атайын шаймандар менен эшикти ачышты. Бала үйдө жалгыз болгон. Ал укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.