Өкмөттөн өсүмдүк майын, кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлүндү
- 22.06.2021, 17:58,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Министрлер кабинети азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу бир катар иш-чаралар жасалып жатканын билдирди. Ага ылайык, баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө үчүн өсүмдүк майын жана кумшекер сатып алууга 318 миллион сом бөлүндү.
Кыргызстанда соңку күндөрү азык-түлүк кескин кымбаттай баштады. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин баалардын көтөрүлүшүнө, каатчылыкка каршы иш-чаралары тууралуу маалыматын уккан. Анда бир катар депутаттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду айыптап, аны кызматтан кетирүүнү талап кылышкан.