Бишкектеги коомдук транспорттор дезинфекцияланып жатат
- 21.06.2021, 12:46,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Борбор калаадагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаардык мэрия коомдук транспортто коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шаардык транспорт башкармалыгынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жана автобазанын кызматкерлери кичи автобустарды, автобустарды жана троллейбустарды дезинфекциялоону улантууда.
"
Күн сайын автобустар менен троллейбустар кылдат тазаланып, дезинфекцияланат: кармагычтар, отургуч туткалары, руль, панелдер жана кире бериш эшиктер 1 пайыз хлорамин эритмеси менен тазаланат.Бардык коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат жана улантылат. Айдоочулар күн сайын текшерүүдөн өтүшүүдө. Текшерүүдөн өтпөгөн, оорунун белгилери бар айдоочуларга линияга чыгууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.