2-июлдан тартып коомдук транспорттор эртеӊ менен жана кечинде гана жүрөт
- 01.07.2020, 17:34,
- Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Бишкекте коронавирус илдетин жуктургандардын саны өсүп жатканына байланыштуу борбор калаадагы коомдук транспорттун ишине чектөөлөр киргизиле турганын шаардын мэри Азиз Суракматов 1-июлдагы брифингде билдирди.
Жаңы режимге ылайык, коомдук транспорттор (троллейбус, автобус, кичи автобус, такси кызматы) иш күндөрү саат 07:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттайт. Ал эми ишемби жана жекшемби күндөрү иштебейт.