У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Артем Новиков: "Ифтар, намаз сыяктуу массалык иш-чараларды токтото туруу зарыл"


Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйын алкагында өлкөнүн ар бир аймагындагы эпидемиологиялык абал, ооруканалардын дары-дармек каражаттары жана жабдуулар, медициналык кызматкерлер менен камсыздалышы боюнча актуалдуу маселелер, СOVID-19га чалдыккан бейтаптар үчүн жаңы орундарды ачууга карай даярдыктар маселеси талкууланды.

"Республика боюнча, анын ичинде Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалууда. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал акыркы аптада өзгөрдү. Биз күнүнө COVID-19га чалдыккандардын саны 400 учурга жетип жаткан учурга кабылдык.
Өлкөдө аталган вирустун жаңы штаммдары катталууда. Баардык иш-аракеттер кайталоолорду четтетүү үчүн так координацияланышы кажет. Бейтаптардын саны Бишкек шаарында өсүп жатканы байкалууда, медиктердин мобилдик бригадаларынын санын 20дан 25ке чейин жогорулатуу, кошумча медициналык "Тез жардам" кызматтарын ишке киргизип, келерки жумадан тарта кошумча стационарларды ачуу зарыл", - деди биринчи вице-премьер-министр.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Муфтиятка намаз жана ифтар сыяктуу массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу тууралуу маселени карап чыгуусун сунуштайт. Ошондой эле театр, кинотеатрлардын толтурулушу 50 пайыздан ашпастыгын тыкыр көззөмөлдөө жана массалык иш-чаралардын өткөрүлүшүн чектөө зарыл. Бул чаралар өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу зарыл болууда.

Артём Новиков белгилегендей, COVID-19 илдетин алдын алууга жана тобокелдик тобундагыларды вакцинациялоого өзгөчө көңүл буруу керек. Абал күн сайын көзөмөлдө болушу керек.
Штаб жыйынынын соңунда COVID-19га кабылган бейтаптарды дарылоо жана оорунун алдын алуу боюнча алгоритмди, стационарлардын дары-дармектер, коргоо каражаттары жана кычкылтек берүү тутуму менен камсыздалышын мониторингдөө жана контролдоо боюнча бир катар тапшырмалар берилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter