У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин борборунан кичи автобустар чыгарылабы? Мэриянын жообу…


Бишкектин борборун кичи автобустардан бошотуу азырынча мүмкүн эмес. Бул тууралуу шаар мэриясынын шаардык транспорт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Улан Бейшенбаев брифингде билдирди.
 
Ал шаарда жаңы автобустарды жана троллейбустарды сатып алууга каражат жок экендигин мойнуна алды. Ошондуктан, муниципалитет жеке фирмалар менен кызматташууга арасыз экенин айтты. 
 
«30 автобус каттамы иштелип чыкты, буга чейин жабдуулардын жетишсиздигинен көпчүлүгү жабылып калган. Аларды өзүбүз жаңырта албайбыз, бирок жеке компанияларга өткөрүп берүүгө даярбыз. Алар автобустарды сатып алып, линияларда иштей алышат. Приоритет электр транспортуна, экинчиден газ менен жүрүүчү транспортко берилет. Техникалык параметрлер боюнча, алардын узундугу кеминде 10 метр болушу керек жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ташууга ылайыкташтырылышы керек», - деди ал.
 
Улан Бейшеналиев өкмөттүн токтомуна ылайык, мэрия Чүй проспектиси, Ибраимов, Бөкөнбаев көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аянттагы кичи автобустарды шаардан чыгарып салуусу керектигин эске салды. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter