Кадамжай шахтасында жарылуу болуп, бир адам каза болду
- 16.01.2021, 15:12,
- Коом
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Кадамжайдагы шахтада жарылуу болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, 15-январь күнү саат 11.40та Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн №5 штольня бөлүгүндө белгисиз себептерден улам жарылуу болду деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге келген куткаруучулар Додон айылынын 1976-жылы туулган тургуну К.Т.нын сөөгүн урандылардын астынан таап, туугандарына өткөрүп беришкен. Башка жаракат алгандар жана каза болгондор жок.