У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Президент чет өлкөдө кайтыш болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүү жөнүндө жарлыкка кол койду.


Президент Садыр Жапаров чет өлкөдө кайтыш болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн өлкөгө жеткирүү тартиби жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Башка мамлекетте кайтыш болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн репатриациялоо тартибин жөнгө салуу, ошондой эле каза болгон жарандарынын сөөгүн жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды жүргүзгөн туугандарына же адамдарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Өкмөткө сунушталсын:
— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн өлкөгө репатриациялоо тартибинин механизмдерин иштеп чыгуу;
— Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга чыгымдарын жабуу үчүн бир жолку төлөмдүн өлчөмдөрүн алар чыгарыла турган өлкөнү эске алуу менен аныктоо;
— Кыргыз Республикасынын кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо жүргүзгөн жакын туугандарына же адамдарга көмөк көрсөтүү боюнча, ошондой эле аларга бир жолку төлөм берүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Тышкы иштер министрлигин жана анын чет өлкөлүк мекемелерин аныктоо;
— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн репатриациялоо менен байланышкан чыгымдар үчүн финансылык каражаттарды Тышкы иштер министрлигине жана анын чет өлкөлүк мекемелерине өз убагында бөлүүнү тапшыруу;
— ушул жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды, анын ичинде колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чараларды көрүү.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter