Жалал-Абад облусундагы жол кырсыгынан алты адам каза болду
- 12.06.2021, 12:17,
- Коом / Жаңылыктар
- 0
Facebook
Вконтакте
Одноклассники
Google+
Жалал-Абад облусунда кырсыктан алты адам каза болуп, экөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында, Ууру-Жар айылында болгон. Жүк ташуучу Мерседес-Бенц жана Хонда Одиссей унаалары кагышкан. Куткаруучулар каза болгондордун сөөктөрүн дарыгерлерге өткөрүп беришти. Жабырлануучулар ооруканага жаткырылды.
Учурда кырсыктын себептери иликтенип жатат.